Жаңылыктар

Кереметтин марафончулары, азаматсыңар! «Керемет Банк» силер менен сыймыктанат!

5 чын куран 2021

Кечээ, 4-апрелде "Керемет Банктын" 20дан ашык кызматкери 2021-жылдагы чуркоо сезонун ачкан, Кырызстандагы алгачкы масштабдуу спорттук саамалык - «Jaz Demi – 2021» жазгы жарым марафондун алкагында 5, 10 жана 21 км аралыкты чуркап өтүштү.

Катарына ышкыбооздор менен кесипкөй спортчулар, пенсонерлер жана спорттун ардагерлери, балдар менен ден соолугу чектелген адамдар кирген 2800 катышуучу болду. Биргелешип, үй бүлөө менен катар жалгыздап, айрымдары корпоративдик команда катарында аралыкты арытышты.

«Керемет Банк» курама командасынын машыктыруучусу Пыхтеев Леонид Геннадьевич, ысымы дүйнөгө таанылган кесипкөй марафончу, өзүнүн жаш курак категориясында 10 километр аралыкта биринчи орунду багындырды.

Леонид Геннадьевичтин жетекчилиги алдында, өткөн жылдар тартып «Керемет Банкта» ышкыбооз-марафончулардын командасы машыгып келет.

«Машыкканына бир нече гана ай болду, - деп баштады өз сөзүн машыктыруучу. -  абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Марага Банк Башкармалыгынын төрагасы жана анын эки орун басары болуп, бүтүндөй корпоративдик команда менен чыгышты жана көп жылдык тажрыйбасы бар марафончулардан кем калбаган жыйынтыктарды көрсөтө алышты. Ар бири өзүн мыкты жагынан көрсөтүп,  тандаган аралыктарын басып өткөнгө умтулду. Бир нече ай мурда эле  айрымдары тыныгуусуз бир километр дагы чуркай алышкан эмес, азыр болсо көптөрү мыкты ондуктун катарына кирип, 5, 10 жана 21 километр аралыкты жеңил эле багытып жатышат. Биз өзүбүздү, банкты татыктуу көрсөтө алган мыкты команда катары көрсөтө алдык деп эсептейм”, - деди сөзүн жыйынтыктап жатып машыктыруучу.

«Көптөрү үчүн – бүгүнкү саамалык жашоосундагы эң алгачкы старт алуусу болду, - деп эмоциаларын бөлүштү,10 километр аралыкты алгачкы ирет чуркап өткөн,  Административдик бөлүмдүн Сатып алуулар секторунун жетектөөчү адиси Гульсийна Айдарканова. -  Бул дагы өзүбүздүн чыдамдуулугубузду текшерүү болду. Сыноодон өттүк: арпалыкты гана багынтып тим болбостон, бири-бирибизди колдоп, командалык духту көрсөтө алдык. Машыгуубузду андан ары дагы улай бермекчибиз!»

 «Керемет Банк» курама командасы, дем алыш күнү мерчемдеген иштерин жыйыштырып коюп, биздин командага колдоо көрсөтүү жана күйрөмандык кылуу үчүн келип кесиптештерине, жакындарына жана досторуна ыраазычылыгын билдирет. Ошондой эле, команданын туруктуу машыгуусуна колдоо көрсөтүп, атайы шаймандарды алып берүүгө көмөктөшкөн банктын жетекчилигине дагы өзүнчө ыраазычылыктар айтылат – мына ушундай болгон колдоо экинчи демди ачып, алдыга умтулууга түрткү берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн акчылышына өбөлгө түзөт.

Креметтин марафончулура өз устаты Леонид Геннадьевич Пыхтеевге: ар күнү өткөрган машыктыруулары, кесипкөй            кеңештери жана баа жеткис тажрыйбасы үчүн өзүнчө рахматын айтат. Алдыда дагы көптөгөн старт алуулар күтүп турат, демек – иш көп. Жаңы жеңиштерге даярдык көрөбүз, кезекте – ШКУнун Run the Silk Road 2021 Ысык-Көл марафону турат!



close