Жаңылыктар

"Керемет Банктын" май айындагы майрам күндөрдөгү иш ыргагы

29 чын куран 2021

«Керемет Банк» ААКнын урматтуу кардарлары жана өнөктөштөрү!

Кыргыз Республикасында май айынын биринчи декадасына бир нече майрамдык күндөр туура келет, алар календарда кызыл күн катары белгиленген: 1 май – Эмгек майрамы, 5 май – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү, 9 май – Жеңиш күнү.

Май майрамдарынын алдында "Керемет Банктын" тейлөө түйүндөрүнүн иш ыргагы тууралуу маалымат беребиз:

  • 2021-жылдын 30-апрели жана 4-майында – иш ыргагы бир саатка кыскартылат;
  • 1 май, 5 май жана 10 май (9-май жекшембиге туура келгендиктен, ушул күнгө которулгандыгына байланыштуу) – жумуш эмес күн.

"Керемет Банк" ААКнын контакт-борбору 24/7 ыргагында иш алып барат жана (0 312) 55 44 44 телефону же болбосо (0 557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp аркылуу жеткиликтүү.

close