Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжал кесиптешибиз Каработоев Алтынбек Жалиловичтин күлгүндөй өмүрүнүн кайгылуу аякташына себепкер болду.

30 чын куран 2021

«Керемет Банк» ААКсы  Баткен облусунун чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуулар кесиптешибиз -  "Керемет Банк-Кадамжай" ААК филиалынын Насыялоо бөлүмүнүн адиси Каработоев Алтынбек Жалиловичтин күлгүндөй өмүрүн ойрондотуп кеткендигин кайгыруу менен билдирет. Ал өз ишин мыкты билген кесипкөй, ишенимдүү жана ачык-айрым дос, кимдир бирөөнүн сүйгөн жары жана үч наристенин үлгүлүү атасы эле. 

«Керемет Банк» ААК эмгек жамааты орду толгус мындай оор жоготууга байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт. Алтынбек Каработоевдин жаркын элеси биз менен түбөлүккө кала бермекчи.

 «Керемет Банк» ААКнын эмгек жамааты.


close