Жаңылыктар

2021-жылдын 10-майы «Керемет Банкта» иш күнү болуп саналат.

6 бугу 2021

«Керемет Банк» ААКнын урматтуу кардарлары жана өнөктөштөрү!

Аракеттеги мыйзамдарга ылайык майрам, тагыраак айтканда 9-май дем алыш күнгө туш болуп калган учурларда майрам күндөн кийинки жумушчу күн иш эмес күн болуп саналат. 

Кечээ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дем алыш күндү – 10-майды (дүйшөмбү) кийинки датага, тагыраак айтканда 30-августка которуу боюнча чечим кабыл алган.

Ошентип, 2021-жылдын 10-майы иш күн деп жарыяланган жана «Керемет Банк» ААКнын филиалдык тармактары штаттык режимде иштешет.

Август айында кыргызстандыктар катары менен төрт күн эс алышат: 28, 29-август – ишемби жана жекшемби күндөрү болуп саналат, 30-август күнүн 10-майдын эсебинен, ал эми 31-август Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү.

Бардык суроолор боюнча 24/7 режими боюнча «Керемет Банк» ААКнын контакт-борборуна: (0 312) 55 44 44 телефон же (0 557) 55 44 44 WhatsApp номуру аркылуу  кайрылууга болот.

close