Жаңылыктар

«Керемет Банк» Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана бүткүл кыргызстандыктарды ЖЕҢИШ КҮНҮ МЕНЕН чын жүрөктөн куттуктайт!

7 бугу 2021

Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу эскерүүлөр дагы деле болсо кыргызстандыктардын эсинде. Себеби, ал согуштун кесепети тийбеген үй-бүлөнү бүгүн кыргыз жергесинен табуу кыйын: атап айтканда республикабыздан барган 365 миң аскер фашисттик баскынчыларга каршы согушкан жана алардын ичинен он миңдеген жоокерлер келечек муундун жыргалчылыгы, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн аяшкан эмес. Албетте, жеңиш жалпы элдики, ага күнү-түнү фронт үчүн иштешкен ооруктагы ар бир улан-кыздын дагы кошкон салымы зор.

Бүгүн минтип, кыргыз жергесинде Улуу Жеңиштин 76 жылдык мааракесинин желеги желбирегени турат. Биз – Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин урпактары, эчендеген азап-тозок менен келген бул Жеңиш күнүнүн адам баласынын тарыхында канчалык мааниге ээ экендигин жакшы түшүнөбүз. Сиздердин күжүрмөн каармандыгыңыздардын аркасында биз бүгүн келечекке карай ар кандай пландарды түзүп, үй-бүлө куруп, бапестеп бала багып, жаркын турмуш тууралуу кыялданып отурабыз.

Согушта көрсөткөн эрдиктериңиздер үчүн башыбызды ийип таазим этебиз урматтуу ардагелер! Мындан ары дүйнө жүзүндө согуш кайталанбасын!

Согуш жылдарындагы кандуу окуяларды көзгө жаш алып эскерүү менен сүйүктүү мекенибиз - Кыргызстанга жана ар бир кыргызстандык жаранга бейпил турмуш, өсүп-өнүгүү жана жаркын келечек каалайбыз!

Сиздердин "Керемет Банк"

close