Жаңылыктар

Ардактуу биздин ардагерлер, Улуу Жеңиш күнү үчүн «Керемет Банк» ААК сиздерге таазим этип, жасаган эрдиктериңиздер эч качан унутулбай тургандыгын билдирет!

9 бугу 2021

Ар жылы «Керемет Банк» командасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим этип, душманды жеңүү үчүн жасаган эрдиктери үчүн чексиз ыраазычылык билдире кетүүнү өзүнүн ыйык парзы катары эсептейт. Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдык мааракесинин алдында банк кызматкерлери Кыргыз Республикасынын бүткүл аймактарында жашап жатышкан ардагерлерди, блокадачыларды жана оорук күжүрмөндөрүн 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, өлкөбүздөгү ири дарыкана түйүндөрүнүн биринен дары-дармектерди сатып алуу боюнча сертификаттарды тапшыргандыгын кубануу менен белгилейт.

Айта келсе оңой көрүнгөн мына ушул Жеңиш үчүн согуш ардагерлери болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарды басып өткөндүгүн, канчалаган өмүрлөр кыйылып, канчалаган көз жаштар төгүлгөнүн унутуп коюу эч мүмкүн эмес. Биз жана келечек муундун өкүлдөрү сиздердин бул эрдиктериңизди түбөлүк даңазалап, ар жылы эскерип турууну өз милдетибиз деп эсептейбиз. Албетте, кан күйгөн майдандагы өз жакындары үчүн, деги эле жалпы Жеңиш үчүн күнү-түнү тынбай кызмат кылышкан ооруктун күжүрмөндөрүнүн эрдиктери дагы өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Урматтуу ардагерлер, сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, темирдей ден соолук каалайбыз. Мына ушул Ыйык Жеңиш күнү урук-туугандарыңыздар, майдандагы жоро-жолдошторуңуздар менен аңгеме-дүкөн куруп, үйүңүздөргө маңдай жарган сүйүнүч менен кайтып барышыңыздарга чын жүрөктөн тилектешпиз!

Дагы бир жолу Улуу Жеңиштин 76 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. «Керемет Банк» бардыгыңыздарга ачык асман, бакубат турмуш каалайт!

 

 

 


close