Жаңылыктар

«Керемет Банк» Кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын күнү жана Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!

10 бугу 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 10-майын эки эселенген майрам: Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом, 28 жашка чыкты жана Кыргыз Республикасынын Банк  кызматкерлеринин күнү.

1993-жылдын 10-майы өлкөнүн көзкарандысыз экономикалык саясатын жана өз алдынча акча-кредиттик саясатты жүргүзүүнүн башаты болуп саналган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өздүк улуттук валюта – сом жүгүртүүгө чыгарылган, ал бүтүндөй Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты болуп калган. Сомду иштеп чыгуу үстүндөгү үзүрлүү ишке кесипкөй экономисттер, юристтер, финансистер, банкирлер, тарыхчылар, архитекторлор, сүрөтчүлөр тартылган жана анын жыйыньыгында Эгемендүү Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң алгачкылардан болуп өзүнүн акча бирдигин жүгүртүүгө киргизген.

Ондогон жылдардан кийин, банк жумушчуларынын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын урматына Улуттук валюта күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринир күнү уюштурулган.

Урматтуу кесиптештер!  Кесиптик майрамыңыздар менен, сиздерге жаңы жана кызыктуу долбоорлорду, чыгармачылык жигерди, ишенимдүү өнөктөштөрдү жана алдыга койгон максаттардын аткарылышын, ийгилигин каалайбыз.  Бактылуу жана өмүрлүү болуңуздар!

Сиздердин "Керемет Банк"


close