Жаңылыктар

«Керемет Банктан» «Социалдык ипотека» Ош облусунан башка бардык региондордо берилүүдө

11 бугу 2021

«Керемет Банктын»  бюджеттик тармакта эмгектенишкен кызматкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча «Социалдык ипотека» турак жай долбоору  Ош облусун эске албаганда Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда улантылып жатат. Берилген насыялардын көлөмү менен кабыл алынган табыштамалардын көлөмү белгиленген регионалдык лимитке жакындагандыктан Ош облусу боюнча жеңилдетилген мүнөздөгү турак жай насыясы 2021-жылдын 11-майында токтотулат. 

  • Бүгүнкү күнгө чейин Ош облусу боюнча кабыл алынган табыштамалар белгиленген тартипте караштырылат.

Өлкөнүн калган региондорунун  бюджет тармагында эмгектенишкен кызматкерлери ипотеканы сом менен жылына 8,5% дан 10,5%га чейинки пайыздык ченде алып жатышат (баштапкы взнос суммасына жараша). Бюджеттик чөйрөнүн өкүлдөрүнө: билим берүү, медицина, социалдык, спортттук, маданият, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салык жана бажы кызматтарынын кызматкерлерине, ошондой эле башка багыттын өкүлдөрүнө  «Социалдык ипотека» 15 жылдык мөөнөт менен берилет. 

«Керемет Банктагы» турак жай сатып алууну насыялоо программалары боюнча суроолорго  регионалдык тейлөө кеңселеринен же (0312) 55 44 44, в WhatsApp - (0557) 55 44 номурлары аркылуу  күнү-түнү иштөөчү контакт-борбордон, ошондой эле расмий сайттагы чатка жазуу аркылуу жооп алууга болот.


close