Жаңылыктар

«Керемет Банк» «ФК Открытие» ПАО Банк менен өнөктөштүк мамилени жолго салды

14 бугу 2021

«Керемет Банк»  такай мүнөздө ишенимдүү өнөктөштөр менен өз корреспонденттик тармагын кеңейтүүнүн үстүндө иш алып барат. Бул үчүн ал  өз кардарларына өлкө ичинде жана ошону менен бирге анын чектеринен сырткары жактарда ыңгайлуу жана ишенимдүү эсеп системасын сунуштап келет.

«Керемет Банк» тарабынан россиялык «ФК Открытие» ПАО Банкында ачылган  корреспонденттик эсептен улам эл аралык компаниялар менен экономикалык жана соода байланышы бар бизнесмендер россиялык рубль - RUB, АКШ доллары - USD жана евро – EUR өңдүү валюталардын негизинде экспорттук-импорттук операциялар боюнча ыкчам жана экономикалык өз ара эсептешүү  үчүн дагы бир каржылык мүмкүнчүлүккө ээ болушкан.

«Открытие» банкы олуттуу финансылык топ болуп саналат жана ал Россиянын эң ири делген банктарынын ТОП-10 тобуна кирет. Бүгүнкү күнү банктын регионалдык тармагында  524 кардардык кеңсе бар жана алар өлкөнүн 73 регионунун 227 шаарында орун алган. «Открытие» акционердик банкынын жападан жалгыз акционери болуп «Россия Банкы» саналат жана ал анын 100% үлүшүнө ээ.

Ачык эсептердин реквизиттери жөнүндө кеңири маалыматты «Керемет Банк» сайтынан же төмөнкү телефондор аркылуу күнү-түнү иштөөчү контакт-борборго чалуу же (0557) 55 44 44 (W/A) жазуу аркылуу билип алууга болот.

close