Жаңылыктар

«Керемет Банк» Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты

24 бугу 2021

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан салттуу түрдө уюштурулуп келе жаткан Банктык тегерек стол банктык рыноктун катышуучулары менен тармактын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат.

«Керемет Банк» өлкөнүн коммерциялык банктарынын топ-менеджерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү, «Кыргызстан Банктар биримдиги» ОЮЛ, Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги, «Кепилдик фонду» ААК жана «Банк аралык процессингдик борборунун» өкүлдөрү менен бирге профилдик иш-чараларга активдүү катышты.

Өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө банк коомчулугу туш болуп жаткан көйгөйлөрдү оперативдүү талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөндүктөн банкирлердин айтуусу боюнча аталган аянтча ар дайым жана пандемия шарттарында айрыкча натыйжалуу болуп келген.

Тегерек столдун жүрүшүндө бүгүнкү күнү орун алган оор экономикалык кырдаалдарга карабастан банктык система кез келген бардык кыйынчылыктарды татыктуу басып өткөндүгү тууралуу айтылган. Ошондой эле өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында тегерек столдун катышуучулары Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен жабыркашкан карыз алуучулардын көйгөйү, банк кызматтарын санариптештирүү жана банктык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун заманбап тенденциялары, ж.б. маанилүү маселелерди караштырышкан.

Каржылык рыноктун бардык катышуучулары ортосунда болуп келген бул өңдүү регулярдык өз ара аракеттер – бул пайда болгон маселелерди оперативдүү чечүү жана Республикабыздын банк тармагынын ийгиликтүү иштөөсү үчүн кепилдик болуп саналат.


close