Жаңылыктар

Бюджеттик кызматкерлер үчүн "Социалдык ипотека" долбоору: облустар боюнча макам

25 бугу 2021

Соңку эки жыл аралыгында «Керемет Банкта» айлык акыга иштегендердин арасында турак жайды жеңилдетилген түрдө насыялоо боюнча «Социалдык ипотека» программасы иштеп жаткандыгын жана анын натыйжасында өлкөбүздүн ар кыл региондорунда эмгектенип жатышкан жүздөгөн кыргызстандыктар үйлүү болушкандыктарын белгилей кетмекчибиз. 

  • Каражаттарды адилет бөлүштүрүү үчүн бардык региондор үчүн облустук лимит караштырылган – Ош жана Нарын облустары өздөрүнө бөлүнгөн каражаттарды өздөштүрүп бүтүшкөн.  
  • Калган облустарда жеңилдетилген шарттарда турак-жайды насыялоо боюнча программа дагы деле болсо уланууда. 

«Социалдык ипотеканы» медицина, спорт, маданият тармактарынын өкүлдөрү менен бирге күч органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салык жана бажы кызматтарынын, башка социалдык багыттагы  тармактардын өкүлдөрү ала алышат.

Баштапкы взнос суммасына жараша «Социалдык ипотека» боюнча пайыздык чен учурда сом менен жылына 8,5% дан 10,5%га чейин (баштапкы взнос суммасына жараша), насыялоо мөөнөтү – 15 жылга чейин. 

«Социалдык ипотека» программасы боюнча каражаттардын саны чектелүү экендигине көңүлүңүздөрдү бура кеткибиз келет.   

«Социалдык ипотеканын» чегинде пайда болгон турак жайды насыялоо жана башка кызматтар жөнүндө бардык суроолорду төмөнкү телефондор аркылуу регионалдык тейлөө кеңселеринен, күнү-түнү иштөөчү контакт-борбордонр тактап алууга болот: (0312) 55 44 44, WhatsApp - (0557) 55 44 44 же расмий сайт аркылуу.

close