Жаңылыктар

«Керемет Банктын» «Аманат ач – Iphone ал!» акциясынын жыйынтыгы: мөөрөйдү кимдер алды?

27 бугу 2021

Банктын түзүлгөн күнүнүн 10 жылдыгына карата арналган уникалдуу «Аманат ач – Iphone ал!» алты айлык акциясынын жыйынтыгы боюнча  акыркы муундагы он даана iPhone өз ээлерин тапты.   

Белгилей кетсек, бардык филиалдар боюнча аманатчы-кардарлардын башкы сыйлык үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүктөрү бирдей болгон. Акцияга ар кыл шарттарына, мөөнөттөрүнө жана пайыздык чендерине карабастан аманаттын бардык түрлөрү тартылган. Ошентип, эң ириде борбордук филиалдардын, андан соң түштүк облустары менен Ысык-Көл регионунун кардарлары акцияга катышууда кызуу жигердүүлүк көрсөтүшкөн. Акыркы муундагы он iPhone аппаратына төмөнкү филиалдар боюнча эң көп өлчөмдөгү салым ээлери татыктуу болушкан: «Бишкек», «Чүй», «Манас», «Ош», «Жалал-Абад», «Ысык-Көл», «Каракол», «Талас», «Кадамжай», «Кара-Балта».

Бардык жеңүүчүлөр сыяктуу эле Талас районунун шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери Оморбекова Замирбүбү Кубатбековна үчүн жеңиш күтүүсүз жаңылык болду. Анын айтуусу боюнча банктын Талас шаарындагы филиалынын ишенимдүү кардары болуп келе жатканына быйыл 7 жылдын жүзү болгон жана «Керемет Банкты» эң ыңгайлуу жана кардарга ылайыкташкан банк деп эсептейт.

Белекти чын дилинен кабыл алып жатып,  Оморбекова Замирбүбү Кубатбековна банктын ишине ийгилик, өсүп-өнүгүү каалоо менен  бул өңдүү демилгелер көбүрөөк болуп турса деген ниетин билдирди.

Өз кезегинде «Керемет Банк» ишеним көрсөтүшкөндүктөрү, жасаган тандоолору жана акцияга жигердүү катышкандыктары үчүн бардык кардарларына чын дилинен ыраазычылык билдирет – алдыда бизди көптөгөн жаңы жана кызыктуу акциялар күтүп жатат жана алар сөзсүз түрдө кардарларыбыздын көңүлүн көтөрөт деп ишенебиз.

«Аманат ач – Iphone ал!»  акциясынын жыйынтыгы тууралуу тейлөө түйүндөрүнөн жана төмөнкү телефондор аркылуу күнү-түнү иштөөчү контакт-борбордон сурап билүүгө болот: (0 312) 55 44 44 или (0 557) 55 44 44 – WhatsApp.

close