Жаңылыктар

«Керемет Банк»: Улуттук Банктын банк ишин илгерилетүү боюнча иш-чаралары өз натыйжасын берүүдө

4 кулжа 2021

«Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасы, аталган каржы мекемесине үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынан (январь) тартып башчылык кылып келе жаткан мырза ТОКТОГУЛ Рысбек банктын аталган мезгил ичиндеги иш жыйынтыгы менен ой бөлүштү:

«Пандемиялуу 2020-жыл көптөгөн компаниялардын бизнеси үчүн көйгөйлүү болгондугуна карабастан «Керемет Банк» өз ишин татыктуу аркалай алды. Айталы, акыркы отчёттук датага карата каржылык көрсөткүчтөр банктын динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. Бүгүн «Керемет Банк» буга чейин болуп келген чыгашалар менен байланышкан көйгөйлөрдү артка калтырып, биринчи жолу кирешелүү көрсөткүчтү камсыз кылгандыгын баса белгилей кетким келет, тагыраак айтканда ал 2021-жылдын 31-майына карата 30,7 млн. сомду түзгөн (өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата Банк чыгашасы 172 млн. сомду түзгөн)».

Бул өңдүү каржылык көрсөткүчтөргө албетте банк ишин илгерилетүү боюнча Улуттук банктын иш-чаралары жана жетекчиликтин сабаттуу чечимдери жагымдуу таасир эткен. 2019-жылкы ребрендингден жана этап-этабы менен өткөрүлгөн капиталдаштыруудан кийин   «Керемет Банк» өлкө рыногундагы өз позициясын байкалаарлык түрдө бекемдей алган.

«Эгерде рыноктогу кырдаал жагымсыз жагына өзгөрбөсө, анда «Керемет Банк» ар бир айдын кирешелүү болуусуна мүмкүнчүлүк алып, 2021-жылды жагымдуу көрсөткүчтөр менен жыйынтыктайт», - дейт Рысбек Токтогулович ишенимдүү түрдө. 

Албетте, бардык тенденциялар бул болжолдоолордун аткарылышына шарт түзөт.

  • Кыргызстандын коммерциялык мүнөздө иш алып барышкан банктарынын арасында эң ири – 8,6 млрд. сом өлчөмүндөгү  акционердик капиталга ээ болуу менен «Керемет Банк» өлкө рыногунда тобокелдик орун албаган каржы институттарынын бири болуп саналат.
  • Банк өлкөбүздүн 550дөн ашык жаранын иш менен камсыз кылат жана ири салык төлөөчү катары такай негизде  республикалык бюджетти толуктап турат: 2020-жылы - 130 млн. 751 миң, ал эми 2021-жылдын беш айында банк 47 млн. 528 миң сомду салык эсебине чегерген.
  • Бүгүн өлкөбүздүн бардык региондорунда орун алган «Керемет Банкка» 150миң лоялдуу кардар ишеним арткан жана алардын саны күн санап өсүүдө.
  • Акырындык менен насыялардын сапаты калыбына келүүдө, үстүбүздөгү жылдын өткөн беш айында Банк насыя портфелинин көлөмүн кыйла көтөрүп, 300 млн. сомго чейин көбөйтүү менен бул көрсөткүчтү 7 млрд. сомго жеткирген.
  • Кеңири регионалдык мүмкүнчүлүктөргө, өнүккөн техникалык инфраструктурага  (санариптештирүү алкагында өлкөнүн барууга кыйын райондорунда орнотулган 600дөн ашык заман жабдуулар – банкоматтар, төлөм жана POS-терминалдар ж.б.) ошондой эле заманбап технологияларга жараша бардык региондордун тургундары үйүнөн же кеңселерден сыртка чыкпай туруп, «Керемет Банктын» банктын кызматтарын толук кандуу пайдаланышууда. 

Бүгүн «Керемет Банк» алгач ирет кайрылып жаткан адамдын өздүгүн аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал эми «Керемет Банктын» кардарлары уюлдук жана интернет-банкингдерге кошулушуп, карт эсептерин жана эсептешүү эсептерин ачышып, акча которушуп, аманаттар боюнча иш алып барышып, 200дөн ашык ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө төлөм жүргүзүшүп, көптөгөн башка банктык операцияларды банкка келбестен эле өз алдынча түрдө жүзөгө ашырышууда.

Банктын алдында дагы көптөгөн пландар бар. Дүйнөлүк тенденцияларга ылайык «Керемет Банк» калк арасында кеңири жайылтуу үчүн санариптик чечимдерди жана технологиялык банктык өндүрүмдөрдү активдүү түрдө жайылтуу иштерин улантат, ошондой эле онлайн-насыялоо жана күрөөсүз ыкчам насыяларды, бизнес-ипотека, бизнес-овердрафт жана башка талап кылынуучу кызматтарды жайылтууну колго алат.

Белгилей кетчү нерсе, негизги акционер тарабынан жүргүзүлгөн докапиталдаштырууга ылайык «Керемет Банк» акыркы эки жыл ичинде бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине жеңилдетилген ипотека берүү боюнча масштабдуу долбоор болуп саналган «Социалдык ипотеканы» ийгиликтүү түрдө ишке ашырууда. Программа ишке киргизилгенден тартып, тагыраак айтканда 2019-жылдын май айынан баштап Кыргыз Республикасынын бардык облустары боюнча алганда 1 400 үй-бүлө жеткиликтүү турак жайга ээ болушкан. 

«Керемет Банк» АККнын башчысы Рысбек Токтогуловичтимн айтуусу боюнча: «Жаңыланган «Керемет Банк» Кыргызстандын банктык рыногунда дагы деле болсо стратегиялык чоң мааниге ээ жана жакынкы мезгилдерде ал заманбап өндүрүмдөр, карттык кызматтар жана төлөм инструменттер жаатында өлкөбүздүн катуу өнүккөн эң ири технологиялык банкы болуп калуусу ажеп эмес».   

 

close