Жаңылыктар

«Керемет Банк» жана «Золотая корона»: КМШ өлкөлөрүнүн карттарына акча каражатын көз ирмемде которобуз

8 кулжа 2021

Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнө акча каражаттарын которуп жаткандар үчүн эң мыкты жаңылык – банктын «Золотая корона» тутуму менен кызматташтыгынан улам, "Керемет Банктын" кардарлары Россияда чыгарылган гана эмес, Азербайжан, Белорусия, Грузия, Казахстан жана Молдовада дагы чыгарылган Visa, MasterCard же Maestro карттарына акча каражаттарын которо алышат.

Которууну "Керемет Банктын" тейлөө түйүнү аркылуу сыяктуу эле, үйдөн чыкпастан туруп: мобилдик интернет же интернет-банкинг аркылуу ишке ашырууга болот. Ал үчүн:

  1. «ЗОЛОТАЯ КОРОНА – АКЧА КОТОРУУЛАР» тиркемесин ачабыз
  2. Өз маалыматтарыбызды – ЖӨНӨТҮҮЧҮНҮН маалыматтарын киргизебиз
  3. Которууну БАГЫТТОО ӨЛКӨСҮН белгилейбиз
  4. КАРТКА жеткирүү ыкмасын тандайбыз
  5. АЛУУЧУНУН КАРТ НОМЕРИН жазабыз
  6. Алуучунун АТЫ-ЖӨНҮН толтурабыз
  7. ТӨЛӨӨ ВАЛЮТАСЫН тандайбыз
  8. СУММАСЫН алуучу валютасында көрсөтөбүз
  9. САКТОО баскычын терүү менен киргизилген маалыматтарды тастыктайбыз.

Кыргызстандан сом, рубль же доллар түрүндө жөнөтүлгөн которуулар картты чыгарган өлкөнүн валютасына автоматтык түрдө конвертацияланат: AZN (азербайжан манаты), BYN (белорус рубли), GEL (грузин лариси), KZT (казах тенгеси) MDL (молдава леи) же RUB (орус рубли). Которуу үчүн комиссия – болгону 1 %.

"Керемет Банктын" баардык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу кененирээк маалыматты тейлөө түйүндөрүнөн жана (0 312) 55 44 44 телефонуна чалуу же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp номерине жазуу менен күнү-түнү иштеген контакт-борбордон тактап алууга болот.

close