Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКы, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына сүйүктүү Бишкек шаарына көчөттөрдү белек кылды

11 кулжа 2021

«Керемет Банк» экологияны жакшыртуу жана шаардын келбетин көрктөндүрүүгө өз салымын кошуу менен “Ынтымак-2” сейил багын жашылдандыруу үчүн Бишкек мэриясына көчөттөрдү белек кылды. Борбор калаа үчүн жашыл дарактардын маанилүүлүгүн жана шаар жашоочуларынын арасында сейил бактарга болгон популярдуулуктун өсүп бара жаткандыгын эске алып, "Керемет Банктын" жумушчулары муниципалитет менен биргеликте эко-акция уюштурган, ал акцияны Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнашкан.

"Керемет Банктын"  эко-акциясына катышып жаткан Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапарович, шаарды жашылдандырууга катышып жатканына, өзгөчө жалбырактуу бак-дарактар түрүн тандап алгандыгына банктын жумушчуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

Көтөрүлгөн демилгеден улам “Ынтымак-2” сейил багынын аллеяларын "Керемет Банк" тарабынан акысыз негизде өткөрүлүп берилген 30 түп липа дарагы менен 30 түп клен дарагы (майда жалбырактуу липа жана чынар жалбырактуу клен) көрктөндүрүп, жашылдандырып турмакчы.

  • Майда жалбырактуук липа – ыңгайлуу сүйрү таажылуу жана цилиндр формасындагы жука сөңгөктүү, бийиктиги 30 метрге чейин жеткен дарак.
  • Чынар жалбырактуу клен  - кенен, калың жана шар түрдүү таажылуу, жука  сөңгөктүү ири жалбырактуу дарак.

Дарактардын ушул түрү, Э.Гареев атындагы ботаникалык бакчанын илимий кызматкерлеринин кеңешинин негизинде жана “Ынтымак-2” сейил багынын бекитилген долбоорунан улам тандалып алынган.  Липа жана клен артыкчылыктуу болуп саналышат: бакча жана сейил бактарда кеңири колдонулат, кургакчылыкка көтөрүмдүү, шаар шарттарына ыкташкан, экологияга оңтойлуу таасирин тийгизишет жана чаңды басаңдатат.

«Керемет Банк» Башкармалыгынын Төрагасы Рысбек Токтогул, илгерки замандарда Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаары бүтүндөй советтик республикалар ичинде эң жашыл шаар аталып келгенин эске салып, дал ушул сыяктуу акциялардын артынан сүйүктүү борбор калаабыз, Бишкек шаары жакынкы арада КМШ чөлкөмүндө эң жашыл шаар деген аталышын кайрадан алат деген тилегин билдирди . “Биз, бизнес-сектордун өкүлдөрү келечек муундарыбыздын Кыргызстанды кандай нукта көргүсү келээрине кайдыгер карабайбыз. Банк менен мэрия биргеликте, эриш аркак нукта борбор калаабызды көрктөндүрүүгө салымын кошуп жатканына кубанычтабыз. Эгерде биз, жер шаарындагы эң жашыл деп аталган өлкөдө жашагыбыз келсе, анда ар бирибиз, жашап жаткан жерибиз үчүн жоопкерчиликтүү экендигибизди эстен чыгарбай, түшүнүү менен кабылдашыбыз керек” - деп жыйынтыктады сөзүн.



close