Жаңылыктар

«Керемет Банкта» өрткө каршы коопсуздуктун эң ишенимдүү тутуму орнотулган - банктын кардарлары менен жумушчуларын эвакуациялоо боюнча мерчемделген иш-чара ийгиликтүү өттү

16 кулжа 2021

«Керемет Банктын» жумушчулары,  өрткө каршы коопсуздук айгай белгиси (сигнализация) иштеген учурда персонал менен кардарларды эвакуациялоо боюнча аракеттерди кынатташты. Окутуу машыгуусунун негизги максаты - өрт чыккан учарда аракеттердин туруктуу алгоритмин иштеп чыгуу болгон.

Мерчемделген иш-чара ийгиликтүү өттү, банктын бүтүндөй командасы ыкчам жана орунудуу иш алып барды: өрт чыккандыгы тууралуу белги берүү жабдуусу иштеген учурда, кабаттар боюнча жооптуу жумушчулар эвакуациялык каттамдарга барууну камсыз кылышты, бул учурда операциялык залдагы кардарларга  өзгөчө көңүл бурулган.

  • Он кабаттуу имаратта эмгектенген 254 кызматкерди эвакуациялоо жүрүмү 5 мүнөт 49 секундду алды.

Мына ушундай окутуу машыгууларынан улам, өзгөчө кырдаалдар учурунда, жумушчуларда ыкчам негизде чечим кабыл алуу жана жамааттык эвакуация жигерлери калыптанат.

«Өрт чыккан учурда эвакуациялоону жүзөгө ашыруу боюнча профилактикалык иш-чаралар – «Банктын корпоративдик этикасынын» маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат, анткени адам – бул биздин эң башкы жана маанилүү активибиз», - деп белшгиледи "Керемет Банк" Башкармалыгынын Төрагасы Рысбек Токтогул.


close