Жаңылыктар

Байгелер топтомунда Күмүш медаль - «Керемет Банктын» командасы ToyBoss Night Run жарым марафонуна активдүү катышты

21 кулжа 2021

Өткөн ишемби күнү "Керемет Банктын" жөө күлүктөр командасы өлкөдөгү масштабдуу спорттук саамалык - NomadSport  тарабынан уюштурулган ToyBoss Night Run  жарым марафонуна катышты.

«Керемет Банк» курама командасынын машыктыруучусу, өлкөдө атактуу болгон ардагер-марафончу Пыхтеев Леонид Геннадьевич, өз жаш курагы категориясында 10 километр аралыкты багындырып, атаандашына 3 секунд алдырып жиберүү менен экинчи орунду ээледи.

3 000 спортчуну катуу шамаал, нөшөрлөгөн жаан дагы токтото алган жок – марага ар кыл жаш курак категорияларындагы ышкыбооз жана кесипкөй спортчулар чыгышты. Көптөрү бүтүндөй үй-бүлөлөрү жана жамааттык топтор менен чуркашты, ал эми "Керемет Банктын" намысын 27 жөө күлүк коргоду.

«Керемет Банк» командасынын түптөлгөнүнө бир жылдай болду. Леонид Геннадьевичтин жетекчилиги алдында биздин жөө күлүктөр өткөндөгүгө салыштырмалуу өз көрсөткүчтөрүн мыктылап, 5, 10, жана 21 километр аралыктарды тактытуу басып өтүштү жана аны менен команда өзүнүн биримдиктүү экендигин көрсөтө алды. Кереметтин жөө күлүктөрү өзүнүн устаты Леонид Геннадьевич Пыхтеевке чоң ыраазычылыгын билдиришет, ал кишинин артынан банк жумушчуларынын корпоративдик жашоосу кыйла кызыктуу жана ар түрдүү болуп келет.

Курама командабыз, колдоо көрсөткөнү үчүн кесиптештерине, туугандарына жана досторуна, ошондой машыгууларга түрткү берип жана командага шаймандарды алууга жардам көрсөтүп келген "Керемет Банктын" жетекчилигине дагы терең ыраазычылыгын билдирет. «Ак илбирс», бизди күт – жаңы бийиктиктерди багындырууга даярданып жатабыз!

close