Жаңылыктар

Көңүл буруңуздар! АКШ жана Казакстандагы жумуш эмес майрам күндөрүнө байланыштуу USD жана KZT менен нак эмес төлөмдөр убактылуу жеткиликтүү болбойт.

1 теке 2021

Урматтуу кардарлар! Банктын өнөктөш өлкөлөрүндө белгиленүүчү расмий майрамдарга – Америка Кошмо Штаттарындагы «Көз карандысыздык күнүнө» жана  Казакстан Республикасындагы «Борбор калаа күнүнө» байланыштуу нак эмес төлөмдөр убактылуу түрдө аткарууга алынбайт:

  • 2021-жылдын 5-июлу -  АКШ долларында (USD)
  • 2021-жылдын 5-6-июлу – казак тенгесинде (KZT)

Бардык кызыкдар тараптарды бул маалыматты эске алуу менен нак эмес операцияларды күн мурда пландап алууну өтүнөбүз. Түзүлгөн ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасайт деп ишенебиз жана бардык суроолорго төмөнкү телефондор аркылуу күнү-түнү жооп берүүгө даярбыз:  (0312) 55 44 44, вотсап боюнча –(0557) 55 44 44 же сайтка чат аркылуу.


close