Жаңылыктар

«Керемет Банк» курорттук мезгилге даяр: Чолпон-Ата шаарынын борборундагы сактык кассалары эми ишемби күндөрү дагы иштешет

5 теке 2021

Туристтик мезгил кызуу жүрүп жаткан маалда курорттук шаар – Чолпон-Атанын борборунда жайгашкан «Керемет Банк» ААК сактык кассасы Ысык-Көлдө эс алып жаткандар үчүн эми ишемби күндөрү дагы кызмат көрсөтүшөт.

Чолпон-Ата шаарындагы "Керемет Банк" ААКнын сактык кассасынын иш тартиби:

  • иш күндөрү -  8:30дан 17:30га чейин;
  • ишемби күнү – саат 9:00 дөн 14:00гө чейин, түшкү тыныгуусуз.

«Керемет Банк» ААК республикабыздагы жеке жана юридикалык жактарга банктык кызматтардын толук спектрин сунуш кылып келе жаткан ири жана универсалдуу банктардын бири болуп саналат. Барыбызга белгилүү болгондой жай мезгилинде Ысык-Көлдө эс алып жүргөндөрдүн арасында карталык эсептен зарыл өлчөмдөгү акча каражаттарын чыгаруу, бир валютаны экинчи бир  валютага алмаштыруу, акча которуу өңдүү операциялар чоң суроо-талапка ээ.

«Керемет Банктын» сактык кассасынын аймагында жайгашкан жана 24/7 режиминде иш алып баруучу банкомат Visa, UnionPay, «Элкарт», «Золотая корона» жана «МИР» төлөм тутумдарын тейлейт.

Чолпон-Ата шаарындагы «Керемет Банктын» сактык кассасы төмөнкү даректе жайгашкан: Совет көч, 24.  «Керемет Банк» ААКнын филиалдык тармактарынын калкты тейлөө түйүндөрүнүн иш режими тууралуу маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча табууга болот:

(0 312) 55 44 44, (0 557) 55 44 44 (W/A) телефондору аркылуу күнү-түнү иштөөчү контакт-борбор менен байланышып, же сайттагы чат аркылуу тейлөө маселелери боюнча консультация алууга болот.


close