Жаңылыктар

Майрам күндөрү "Керемет Банк" ААКнун иштөө убактысы

16 теке 2021

Урматтуу "Керемет Банк" ААКнун кардарлары жана өнөктөштөрү!

2021-жылдын 20-июлунда, шейшемби күнү, Кыргыз Республикасында ыйык Курман айт майрамы белгиленет. Дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2021-жылдын 19-июлундагы (дүйшөмбү) иш күнүн 2021-жылдын 24-июлундагы (ишемби) дем алыш күнүнө жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Ушуга байланыштуу, "Керемет Банк" тейлөө түйүндөрүнүн иш убактысында өзгөрүүлөр бар:

  • 2021-жылдын 19-июлу иштөөчү эмес күн, алты күндүк иш аптасынын тартиби менен иштеген тейлөө түйүндөрүн кошпогондо,
  • 2021-жылдын 24-июлу - жумушчу күн

"Керемет Банк" ААКнун байланыш борбору 24/7 режиминде иштейт жана ал (0 312) 55 44 44 телефону же WhatsApp аркылуу (0 557) 55 44 44 номери боюнча жеткиликтүү болот.

Бардык кыргызстандыктарды келе жаткан Курман айт майрамы менен куттуктайбыз!


close