Жаңылыктар

Көңүл буруңуз! 2021-жылдын 19-24-июль күндөрү Алабука айылындагы "Керемет Банк" ААКнын сактык кассасында оңдоо иштери жүрөт

16 теке 2021

Урматтуу "Керемет Банк" ААКнун кардарлары жана өнөктөштөрү!

2021-жылдын 19-июлунан 24-июлуна чейин пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу, Жалал-Абад облусунун Алабука айылында  Сартманбетова көчөсү 59 дарегинде жайгашкан "Керемет Банк - Жалалабат" ААКнун филиалынын №049-25-11 сактык кассасы, убактылуу ишин токтотот.

Банктык тейлөө кызматтарын үзгүлтүксүз пайдалануу үчүн сиз төмөнкүлөрдү колдоно аласыз:

  • мамырбекова көчөсү 1 дарегинде жайгашкан Салык кызматынын имаратында жайгашкан «Керемет Банк» ААКнун төлөм терминалы менен (жумуш убагында);
  • "Керемет Банк" ААКнун банкоматтары: бири сактык кассасынын аймагында жайгашкан (Сартманбетов көч., 59), экинчиси - "MИ" уюлдук аксессуарлар дүкөнүндө (сактык кассасынан 300 метр алыстыкта);
  • дээрлик бардык банк кызматтарын аралыктан көрсөткөн Керемет Банк ААКнун мобилдик жана Интернет-банкинги.

Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Урматтуу кардарлар, биз сиздерди 2021-жылдын 26-июлунда жайлуу жана оңдолгон имаратта тосуп алууга аракет кылып жатабыз.

Суроолоруңуз пайда болгон учурда, (0 312) 55 44 44 телефону же WhatsApp боюнча (0 557) 55 44 44 номери аркылуу күнү-түнү жооп берүүгө даярбыз. 

close