Жаңылыктар

Баткен областына “Социалдык ипотека” долбоору боюнча бөлүнүп берилген каражаттар толугу менен өздөштүрүлдү

23 теке 2021

Баткен областына “Социалдык ипотека” долбоорунун алкагында берилген насыялар жана кабыл алынган билдирмелердин өлчөмү аймактык чекке жакындап калды. Мурда кабыл алынган баардык насыя билдирмелери белгиленген тартипте кароого алынмакчы.

  • Каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүү үчүн областтык чектер белгиленген, бүгүнкү күнгө карата Ош, Нарын жана Баткен областтары аларга бөлүнүп берилген каражаттарды өздөштүрүүнү аякташкан.
  • Башка областтарда жеңилдик берилген шарттарда турак жайды насыялоо боюнча программа өз ишин улантып жаткан учуру.

"Керемет Банктан" «Социалдык ипотеканы» бюджеттик тармактын: билим берүү, медицина, социалдык, спорт, маданият тармактарынын жана ошондой эле, күч органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салык, бажы кызматтарынын кызматкерлери жана башка социалдык чөйрө өкүлдөрү ала алышат. "Социалдык ипотека" сом менен жылдык 8,5 пайыздан тартып 10,5 пайызга чейинки ченде (баштапкы төлөм суммасына жараша) 15 жылдык мөөнөткө берилет. 

«Социалдык ипотека»  программасы боюнча каражаттар чектелүү экендигине көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз.

“Социалдык ипотека” долбоорунун алкагында насыялоо шарттары тууралуу маалыматты (0312) 55 44 44 телефонуна чалып, (0557) 55 44 44 WhatsApp аркылуу жазып күнү-түнү иштеген контакт-борбордон же болбосо расмий сайттагы чат аркылуу алсаңыздар болот.

close