Жаңылыктар

«Социалдык ипотека» программасы боюнча Бишкек шаары үчүн 2021-жылга бөлүнүп берилген каражаттар толугу менен өздөштүрүлүп бүттү

10 баш оона 2021

“Социалдык ипотека” турак-жай программасына (банкта 2019-жылдын май айынан тартып иштеп келет) республикабыздын баардык аймактарынын катышуусунун адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында, аны каржылоо жагында ар бир область үчүн чектөөлөр аныкталган

2021-жылы "Керемет Банктын" Социалдык ипотека" программасынын артынан Бишкек шаарынын 100дөн ашык бюджеттик кызматкери жеке турак-жай сатып алууга жетишти. Бишкек шаарында жылдын башынан тартып берилген насыялардын өлчөмү жана кабыл алынган билдирмелердин саны 200 миллион сомдон ашкан.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата “Социалдык ипотекага” бөлүнүп берилген каражаттар Бишкек шаарында, Ош, Нарын, Баткен облустарында толугу менен өздөштүрүп бүттү. Башка аймактарда программа уланууда.

Жеңилдик берилген чендер менен турак-жай сатып алууну каалагандар шашылышы керек, анткени 2021-жылга “Социалдык ипотеканы” каржылоого каражаттын өз чеги бар.

"Социалдык ипотека" бюджеттик уюмдардын жумушчуларына жылдык 8,5 пайыздык ченден тартып 10,5 пайыздык ченде (алгачкы  чегерүү суммасына жараша) 15 жылдык мөөнөткө берилерин эсиңиздерге сала кетмекчибиз. 

"Социалдык ипотека" долбоорунун алкагындагы насыялоонун шарттары тууралуу  тейлөө кеңселеринен, күнү-түнү иштеген контакт-борбордон (0312) 55 44 44 телефону, (0557) 55 44 44 WhatsApp номери аркылуу же расмий сайттагы чаттан тактап алууга болот.


close