Жаңылыктар

«Керемет Банктын» «Көбүрөөк % + Көбүрөөк мүмкүнчүлүк» акциясынын алгачкы жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз

11 баш оона 2021

«Керемет Банк»  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган уникалдуу болгон «Көбүрөөк % + Көбүрөөк мүмкүнчүлүк» акциясынын алгачкы жыйынтыктарын чыгарды.

Бир ай мурун жарыяланган акциянын шарттары боюнча, 2021-жылдын 31-октябрына чейин 12 ай жана андан жогорку мөөнөткө "Керемет Банктын" аманат салымдарына каражаттарды жайгаштырган баардык аманатчылар утурумдук ченемдерге карата кошумча пайыздарды алышат.

Өлкө аймагында олуттуу кызыгууну жараткан акциянын баардык пайдалары менен артыкчылыктарына борбор калаанын, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Талас, Ысык-Көл жана Баткен областтарынын жашоочулары баа берүүгө жетише алышты. Жыйынтыгында, банкта алгачкылардан болуп аманаттарды ачышкан 30 аманатчы бонустук пайыздарды гана эмес, "Керемет Банк" ААКынын Банк Башкармалыгынын Төрагасы Токтогул Рысбектин колунан абдан пайдалуу белек – калдыкка күн сайын жылдык 4% чегерилип турган жана тейлөө алуудагы жеңилдиктери менен балансында 1000 сом камтылган UnionPay Gold сыйлык карттарын алышты.

Өз сөзүндө Банк Башкармалыгынын Төрагасы, баардык жеңүүчүлөр, аманат – каражатты сактап туруу үчүн гана эмес, топтолгон каражаттарды арттырып алуунун ыкмасы экендигин жакшы түшүнүшкөн, алдынкы, мыкты инвесторлор экендигине токтолду.

Аманат ачышкан “эң алдынкы инвесторлор” көбүнесе пенсионерлер болушкандыгын белгилей кетүү абзел: кимдир бирөөсү өмүрүн Кыргызстандын киноиндустриясына арнаса, башкалары медицина жана билим берүү тармагында эмгектенишкен. Жеңүүчүлөрдүн айрымдары үчүн "Керемет Банк" менен кызматташуу инвестициялоонун алгачкы жагымдуу тажрыйбасы болсо, башкаларына биздин банк көптөн бери каржы жардамчысы кызматын аркалап келет. Жеңүүчүлөрдүн бири – 13 жылдын стажга ээ болгон ишенимдүү кардарыбыз Банктан белек алып жатып, пенсионерлерге гана эмес, баарына анын жолун жолдоону жана өз жыйымдарын үйдө сактабастан, ишенимдүү жана олуттуу сындан өткөн "Керемет Банкта" сактоого чакырып кетти.

Акция уланууда! Баардык филиалдык тармактардын аманатчы-кардарларынын "Керемет Банк" байгелери үчүн таймашууга тең укуктары бар. Алдыда дагы 60 байге жана эки этабы күтүп турат: 2021-жылдын 5-августунан тартып 4-сентябрына чейин жана 2021-жылдын 5-сентябрынан тартып 4-октябрына чейин.

Акция тууралуу кененирээк маалыматты тейлөө түйүндөрүнөн жана (0 312) 55 44 44 телефону аркылуу чалып, (0 557) 55 44 44 – WhatsApp тармагына жазуу менен күнү-түнү иштеген контакт-борбордон алууга болот.


close