Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кызматкерлеринин арасынан коронавирус инфекциясы менен жабыркаган бир дагы бейтап табылган жок

17 баш оона 2021

Өткөн аптада банк кызматкерлери COVID-19 коронавирустук инфекцияга каршы иммунитеттин бар же жок экендигин аныктоо үчүн жапырт тестирлөөдөн өтүшкөн. Бул максатта «Керемет Банктын» башкы кеңсесине жеке менчик лабораториянын өкүлдөрү чакыртылып, алар өз кезегинде банк кызматкерлеринде IgG жана IgM класстарындагы антителалардын бар же жок экендигин текшеришкен. Банк эсебинен өткөрүлгөн тестирлөө иштери банктын республиканын жер-жерлердеги филиалдары менен сактык кассаларынын  кызматкерлерин дагы кучагына камтыган.

IgG классындагы антителалар – мурда болуп өткөн коронавирустук инфекцияга каршы иммунитеттин бар же жок экендигин тастыктоочу көрсөткүч.

IgM классындагы антителалар  коронавирустук инфекция оорусунун баштапкы баскычта экендигин тастыктоочу көрсөткүч.

Алынган жыйынтыктарды чечмелей келгенде банк кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясы менен жабыркаган бир дагы кызматкер аныкталган эмес:

  • кызматкерлердин 70% мурда аталган ооруну баштан кечиришкен жана туруктуу иммунитетке ээ;
  • кызматкерлердин 25% коронавируска каршы иммунитетке ээ, бирок аларга коштоочу өнөкөт ооруларга көңүл буруу сунушталган;
  • тестирлөөгө катышкандардын 5% тест тапшырганга чейин вирус менен кез келишкен эмес.

Оору жуктуруп алуусу толук мүмкүн экендигине жана тобокел тобунда турушкандыктарына байланыштуу булардын акыркыларына биринчилерден болуп вакцина алуу сунушталды.

«Керемет Банк» ар дайым өз кызматкерлеринин жана кардарларынын ден соолугу үчүн камкордук көрөт. Кийинки баскыч – бул кызматкерлерди COVID-19 коронавирустук инфекциясына жана сасык тумоого каршы эмдөө болуп саналат.


close