"Керемет Банктан" «Элкарт-NFC» контактсыз карттарын колдонуу аркылуу убакытыңыз менен акчаңызды үнөмдөңүз
NFC технологиясы базасында «Элкарт» төлөм тутумунун карттарын чыгаруу боюнча өлкөбүздө лидердик орунда турган «Керемет Банк» баардык каалоочуларды улуттук карттын талашсыз артыкчылыктарына баа берүүгө чакырат.
- С банковской картой «Элкарт-NFC» банктык картынын жардымында аны бөтөн бирөөгө берүүсүз сатып алуулар менен кызматтарды төлөөгө болот – кассадагы контактсыз кириштөөчү терминалга жөн гана тийгизип коюу жетиштүү (эгерде төлөм суммасы 1 000 сомдон ашык болсо, коопсуздук максаттарында картты POS-терминалга салуу аркылуу PIN-кодду киргизүү талап кылынат).
- Соода түйүндөрүндө контактсыз POS-терминал жок болсо, «Элкарт-NFC» чип аркылуу стандарттык контакттык төлөм ыкмасында кабылдана берет.
- Кыргызстандын ири соода түйүндөрүндө карт менен эсептешүү учурунда сиз сатуудан салыктан 1 пайыз үнөмдөйсүз, ал дароо эле жалпы суммадан минусталып калат.
- «Элкарт-NFC» кошумча артыкчылыктарынын бири болуп, карт КМШ өлкөлөрүнүн өнөктөш тутумдарынын банкоматтары жана POS-терминалдары тарабынан кабылданышы саналат. Аталган тутумдаргы Орус Федерациясынын «МИР», Республика Армениянын «АрКа», Республика Беларустун «БЕЛКАРТ» тутумдары кирет
NFC (Near Field Communication) – аны терминалга салбастан, 10 см. аралыкта кармоо менен соода-сервистик ишканаларда банктык карттар менен эсептешүүгө мүмкүндүк берген контактсыз төлөмдөр технологиясы. Ал учурда карттын номери тууралуу маалыматтар шифрленген нукта окулуп, башка жактарга берилбейт.
«Элкарт-NFC» картын чыгаруу жана тейлөө маселеси, ошондой эле банктын башка кызматтары тууралуу суроолорду "Керемет Банк" ААКнын күнү-түнү иштеген контакт-борборунун (0312) 55 44 44 номерине чалып, (0557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp тутумуна жазып же болбосо расмий сайттагы чат аркылуу тактоого болот.
"Керемет Банктан" «Элкарт-NFC» контактсыз картынын талашсыз артыкчылыгына баа бериңиздер!