Жаңылыктар

Талас областына “Социалдык ипотека” долбоору боюнча бөлүнүп берилген каражаттар толугу менен өздөштүрүлдү

6 аяк оона 2021

"Керемет Банкта" эки жылдан ашык убакыттан бери бюджеттик мекемелердин жумушчуларынын арасында популярдуу болгон турак-жай алууга жеңилдетилген программадагы “Социалдык ипотека” долбоору ишке ашырылып келет. Анын артынан өлкөбүздун ар тарабынан миңдеген кыргызстандыктар өздөрүнө турак жай сатып алууга жетишишти.

  • Каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүү үчүн областтык чектер белгиленген, бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаары, Ош, Нарын жана Баткен областтары аларга бөлүнүп берилген каражаттарды өздөштүрүүнү аякташкан.
  • 6-сентябрдан тартып «Социалдык ипотека" Талас областында дагы аягына чыкты. Мында мурда кабыл алынган баардык насыя билдирмелери белгиленген тартипте кароого алынмакчы.
  • Турак жай алууга жеңилдик берилген насыячлоо боюнча программа Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл областтарында уланууда

"Керемет Банктан" «Социалдык ипотеканы» бюджеттик тармактын: билим берүү, медицина, социалдык, спорт, маданият тармактарынын жана ошондой эле, күч органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салык, бажы кызматтарынын кызматкерлери жана башка социалдык чөйрө өкүлдөрү ала алышат. "Социалдык ипотека" сом менен жылдык 8,5 пайыздан тартып 10,5 пайызга чейинки ченде (баштапкы төлөм суммасына жараша) 15 жылдык мөөнөткө берилет. 

«Социалдык ипотека»  программасы боюнча каражаттар чектелүү экендигине көңүлүңөрдү бурмакчыбыз.

“Социалдык ипотека” долбоорунун алкагында насыялоо шарттары тууралуу маалыматты (0312) 55 44 44 телефонуна чалып, (0557) 55 44 44 WhatsApp аркылуу жазып күнү-түнү иштеген контакт-борбордон же болбосо расмий сайттагы чат аркылуу алсаңыздар болот.

close