Жаңылыктар

"Керемет Банктын" кызматкерлери Горький атындагы сейил бакты жана банк тегерегин таштандынан арылтышты

20 аяк оона 2021

Тамекинин калдыгы, каптамалар, айнек жана желим бөтөлкөлөр, пакеттер, кездеме жана кагаз майлыктар, медициналык бет каптар – 18-сентябрь күнү «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн» алкагында «Керемет Банктын» кызматкерлери банктын башкы кеңсесинин айланасынан жана Максим Горький атындагы сейил бактан желимин өзүнчө, айнегин ж.б. өзүнчө кылып бардыгы 27 кап таштанды чогултушкан.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өткөрүү идеясы алгач мындан 10 жылдан ашык убакыт мурда Эстонияда жаралган. Эстониянын бул демилгесин ошол замат дүйнөнүн 180 өлкөсү колдоп чыккан. Кыргызстанда өткөрүлүп келе жаткан ишембилик «Эко Деми» коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган.

Көпчүлүк адамдар экология көйгөйү жыл өткөн сайын күчөп жаткандыгын билишет, бирок ошол эле учурда көпчүлүк шаар тургундары өз шаарына таштанды жайга жасагандай мамиле кылышат. Бишкектин кайсы гана эс алуу жайына барба тамекинин калдыгын, момпосуйдун кагазын, балмуздактын челегин ж.б. көрүүгө болот. Ошондой эле отургучтардын айланасына   семичкенин кабыгы ташталган. Тилекке каршы, мына ушул кыяздагы маданиятсыздык өкүм сүрүп турганда шаарды таштандыдан тазалоо боюнча иш алып баруучу кызматтардын иши баркталбайт.

«Керемет Банк» ААК жалпы шаардыктарды активдүүлүккө чакырат. Башкача айтканда, адамдарды бала кезинен тартып таштандыларды тротуарларга, арыктарга, деги эле көрүнгөн жерге таштабастан жакынкы таштанды салынуучу челекке жетип таштоого, же болбосо өзү менен бирге ала кетүүгө үйрөтүү абзел. Мындай тарбиялоочулук иштер менен коштолгон аракеттер өлкөбүздүн тазарышына, экологиялык кырдаал менен байланышкан көйгөйлөрдү жок дегенде локалдык деңгээлде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Керемет Банктын» кызматкерлери өлкөнү таштандыдан арылтууга салым кошкондуктары үчүн кубанычта. Мамлекетке жасаган мамиле дал мына ушундай кичинекей нерселерден башталат. Биз бүгүн өз аракеттерибиз менен көпчүлүк жаштарга үлгү болуубуз абзел.

Келиңиздер, сүйүктүү мекенибизди таза кармоого үйрөнөлү!

close