Жаңылыктар

«Керемет Банк» эл аралык Bishkek Half Marathon иш-чарасына жигердүү катышып, күмүш медалга ээ болду

20 аяк оона 2021

Өткөн дем алышта "Керемет Банктын" курама командасы өлкөнүн масштабдуу - Bishkek Half Marathon - 2021 спорттук иш-чарасына (Бишкек эл аралык жарым марафонуна) катышты. Ал үстүбүздөгү жылы Японияда өткөн  «Токио – 2020» олимпиядалык оюндарга арналган.

Жарышка дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 2500дөн ашык спорт ышкыбоздору жана профессионалдар катышкан. "Керемет Банктын" жарым жыл мурда түзүлгөн курама командасы тандалып алынган аралыкты татыктуу басып өтүп, мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу натыйжаларды жакшырта алышкан. Ал эми "Керемет Банк" курама командасынын машыктыруучусу – эмгек сиңирген марафончу Пыхтеев Леонид Геннадьевич жаш курактык категория боюнча 10 километр аралыкка чуркап, экинчи орунду багындырган.

Улуттук команданы даярдоого жана жабдууга жардам бергени үчүн команда банк жетекчилигине ыраазычылык билдирет. Келерки жекшембиде, тагыраак айтканда 2021-жылдын 26-сентябрында чуркоо боюнча "Керемет Банктын" курама командасы кезектеги старт – Эл аралык «Ак илбирс» жарышына катышмакчы.

Биздикилерге жан тартыңыз!


close