Жаңылыктар

"Керемет Банк" менен убактыңызды үнөмдөңүз: өлкө аймагындагы баардык филиалдардагы электрондук кезек кызматы!

21 аяк оона 2021

Кардарлардын олуттуу агымы байкалган "Керемет Банктын" баардык филиалдарында абдан ыңгайлуу кызмат ишке киргизилди – кезекти башкаруунун электрондук тутуму. Алгач электрондук кезек банк тарабынан борбор калаада текшерүүдөн өткөрүлгөн, эми болсо киргизилип  жаткан жаңычылдык аймактагы баардык филиалдардын кардарлары үчүн дагы жеткиликтүү болду.

  • Мындан ары ар бир кардар "Керемет Банктын" кайсыл болбосун филиалына кайрылуу учурунда адистештирилген терминалдан тандалып алынган кызмат көрсөтүү жана кезектин номери көрсөтүлгөн атайы талон алат. Кезек келери менен электрондук таблого номери чыгып, кардар тарабынан тандалып алынган: кыргыз, орус же ангис тилдеринде зарыл болгон адиске барууга чакырган үн билдирме угузулат.

«Бул биздин кардарларды натыйжалуу жана ыкчам тейлөөгө алуунун эң мыкты чечими жана оңтойлуу шаймандары. Электрондук кезек тутуму келүүчүлөрдүн агымын адистер ортосунда автоматтык түрдө иргеп, бөлүштүрөт. Талон алуу менен кардарлар күтүү залында ыңгайлуу жайланышып жана кезегин өткөрүп жиберем  деп тынчсызданбастан өз кезегин күтө алышат, - дейт аталган жаңычылык тууралуу Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Нарынбек Алыбаевич Алыбаев. – Биз менен иштешип келе жаткан жана келечектеги кардарларыбыз белгиленген жаңычылыкты татыктуу баалай алышат деп ишенебиз».

Аталган тутумдун артынан Банк, көрсөтүп жаткан кызматтар саны жана аларды иштеп чыгуу ылдамдыгынын катышы боюнча  ар күндүк талдоону ишке ашыра алат, ал дагы зарылчылык келип чыккан шартта кардарлар сыяктуу эле, операционисттин убактысын үнөмдөө менен  фронт-офис ишин корректировкалоого мүмкүндүк берет.

«Керемет Банк» digital-ыкташкан банк катары өз ишин туруктуу негизде оптималдаштырып келет. Азыркы учурда, "Керемет Банк" мобилдик тиркемеси менен электрондук кезек тутумун интеграциялоо боюнча иштер активдүү аткарылып жаткан чагы – бир нече айдан кийин кардарлар, банкта ашыкча күтүүсүз, өз убактысын мерчемдөө менен алдын-ала кезекке турууну, алынган тейлөө фактысы боюнча кайтарым байланышты калтырууну аткара алышмакчы.

Тейлөөгө алуу боюнча суроолорго жоопту, "Керемет Банктын" күнү-түнү иштеген контакт-борборунан (0 312) 55 44 44 телефону аркылуу чалып же (0 557) 55 44 44 – номериндеги WhatsApp тармагына, сайттагы кайтарым байланыш формасына же call-center@kermetbank.kg электрондук дарегине жазып ала аласыздар.

«Керемет Банк» - ийгиликке сапарлаш!


close