Жаңылыктар

“Кереметчилер” менен сыймыктанабыз: Чакиев Таштанбек – 2021-жылдын мыкты котормочусу!

20 үчтүн айы 2022

Каарманыбыз – Таштанбек Чакиев, буга чейин, тагыраак айтканда «Керемет Банкка» келип иштегенге чейин ар кыл министрликтерде котормочу катары эмгектенип келгендиги белгилүү. Ал Нобель сыйлыгынын ээси, атактуу орус жазуучусу Иван Буниндин аңгемелерин кыргыз тилине которуп чыгып, 2021-жылдын декабрь айында  «Караңгы аллеялар» аттуу ат менен жарыкка чыгарган. Бул эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу өткөн аптанын аягында Таштанбек Чакиевге котормо сериясы боюнча «2021-жылдын мыкты китеби» дипломун жана атайы статуэткасын тапшырган.

Сыйлык ыйгарылганга чейин кесипешибиз жумуштан кийин дүйнөлүк поэзия, прозалардын жаркын үлгүлөрүн кыргыз тилине которуп келе жаткандыгын Банкта билген киши дээрлик болгон эмес.  Биздин “Эмне үчүн Бунинди котордуңуз? – деген сурообузга котормочу улуу жазуучунун бул китеби дүйнө жүзүндөгү сүйүү тууралуу даңазалуу китептердин бири, ал эми Буниндин өзү – төгөрөгү төп келишкен стилист болгондугун айтты. Баса, бул котормого Таштанбек Чакиев жети жылдык өмүрүн арнаган, тагыраак айтканда аталган аңгемелерди которуу иши 2013-жылы башталып 2020-жылы аяктаган. Ушул эле мезгил аралыгында ал А.П. Чеховдун дагы аңгемелерин которуп чыгып, аны ошол эле жылы “Кутучадагы адам” деген ат менен жарыкка чыгарган. Котормолорунун арасында дагы бир атактуу жазуучусунун, башкача айтканда “новеллардын атасы” делген япон жазуучусу Рюноске Акутагаванын “Түнт токойдун коюнунда”, “Расемён дарбазасы” ж.б. дүйнө окурмандарына кеңири белгилүү новеллары бар экендигин белгилей кетүүбүз абзел.

Албетте, котормочулук оңой олтоң иш эмес: эң ириде автордун бере турган оюн таба билүү, тексттин ститилистикасын, сөз айкаштарынын ыраатын сактоо, каармандарды кыргыз тилинде сүйлөтө билүү зарыл. Башкача айтканда, котормочу тандап алган эмгегин жаңы барактан баштап кайрадан жазып чыгат деп айтсак жаңылышпайбыз. Кесиптешибиздин мындай сейрек талантынын жана талыкпас эмгекчилидигинен улам замандаштарыбыз руханий дүйнөсүн азыктандырып, даңазалуу жазуучулардын классикалык чыгармалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурушат.

Сөзүбүздүн аягында Таштанбек Чакиевге чыгармачылык эргүү каалап кетмекчибиз. Албетте, кесиптешибиздин жетишкен ийгиликтери биздин кубандырат. Кесиптешибиз өңдүү орошон таланттуу жана жигердүү кыргызстандыктар менен өлкөбүздү жаркын келечек күтүп тургандыгына терең ишенебиз!

close