ИТ боюнча директордун орун басары
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 24 жалган куран 2021
Кызматы:
ИТ боюнча директордун орун басары
Талаптары:
- жогорку кесиптик билими:
- тактык жана жигердүүлүк;
- адистиги боюнча кеминде 3 жылдык эмгек стажынын болуусу, анын ичинде банк тармагында кеминде 2 жыл;
- жетекчилик кызматтардагы эмгек жигери кеминде 2 жыл;
- тиешелүү серификаттар жана башкалар менен ырасталган, экономика жана маалымат технологиялары тармагында билиминин болуусу.
- компьютердик тармактарды кураштыруу принциптерин билүүсү;
- алгаритимдештирүү жана программалаштыруу негиздерин түшүнүүсү;
- IT-түзүмдөрүн кураштыруу жана өркүндөтүү тармагындагы тажрыйбасы, -ченимдик документтер менен регламенттерди жаза билүү жигери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Банктын ички ченемдик документерин билүүсү;
Милдеттери:
- Банктын ИТ бөлүмүндөрүнүн бөлүктөрүн тескөөгө алуу (техникалык жактан колдоо, ДБО тутумдарын колдоо, Банкоматтык тутумду коштоп жүрүү, телефония)
- документацияларды, ИТ-жүрүмдөрдүн сүрөттөлүшүн түзүү жана актуалдуу абалда кармап туруу;
- маалыматтык технологияларды жана тутумдарды ишке киргизүү, жаңылап туруу, коштоп жүрүү, өнүктүрүү жүрүмдөрүн уюштуруу
- Бюджетти тескөө: мерчемдөө, негиздөө жана чыгымдоого контролдук жүргүзүү
- Банктын башка бөлүмдөрү менен техникалык маселелер боюнча өз ара катышуу
- 24/7 ыргагында техникалык көйгөйлөрдү четтетүү боюнча чечимдерди кабыл алуу
- Банктын ИТ бөлүгүндө ТМБларын тескөө
- персоналды тандоо, окутуу жана шыктандыруу
- кызматкерлердин ишин баалоо
- Банктын бизнес жүрүмдөрүн автоматташтыруу боюнча долбоорлор менен байланыштуу болгон топторго катышуусу.
Иштөө шарттары:
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке кабыл алуу. Башкы кеңседе, Бишкек шаарында.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат