Кассалык операциялар бөлүмүнүн кассири
Аймак:: Ош облусу
Жарык көргөн күнү: 8 теке 2021
Кызматы:
Кассалык операциялар бөлүмүнүн кассири
Квалификациялык талаптар:
- жогорку экономикалык билим;
 - банк чөйрөсүндөгү иш стажы 1 жылдан кем эмес;
 - акча каражаттары менен иштөө тажрыбайсы кеминде 1 жыл;
 - ПКны тажрыйбалуу колдонуучу;
 - төлөм каражаттарынын жарамдуулугун аныктай билүү таалими;
 - адистештирилген курстарды жана семинарларды/тренингдерди өткөндүгүн ырастоочу сертификаттарынын болуусу (мүмкүн болсо);
 
Талапкер билүүсү керек:
- КР Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларын жана Банктын ички ченемдик документтерин;
 - эмгекти коргоо эрежелерин жана ченемдерин, коопсуздук жана өрткө каршы коргонуу техникасын;
 - иштиктүү баарлашуу этикасын, ишкердик контактарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартибин;
 
Негизги милдеттери:
- кассанын кардарларын сапаттуу тейлөө;
 - баалуулуктардын: накталай акча каражаттарынын; башка баалуулуктардын жана документтердин сакталышын жана эсепке алынышын камсыздоо;
 - акча каражаттарын улуттук жана чет өлкө валютасында кабыл алуу жана берүү;
 - кардарларды тейлөө учурунда кызмат көрсөтүү стандарттарын сактоо;
 - накталай акча каражаттарын кайра эсептөө, сорттоо, топтоо жана таңгактоо;
 - эски банкнотторду КРУБга жөнөтүүгө даярдоо.
 
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат
