Ош шаарындагы филиалга IT-адиси
Аймак:: Ош облусу
Жарык көргөн күнү: 19 чын куран 2021
Кызматы:
Ош шаарындагы филиалга IT-адиси
Квалификациялык талаптары:
- жогорку билими;
- банк чөйрөсүндөгү кеминде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы;
- иштиктүү кат алышуу жана иштиктүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүү таалиминин болуусу;
Талапкер билүүсү керек:
- КР Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларын жана Банктын ички ченемдик документтерин;
- эмгекти коргоо эрежелерин жана ченемдерин, коопсуздук жана өрткө каршы коргонуу техникасын;
- иштиктүү баарлашуу этикасын, ишкердик контактарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартибин;
Негизги милдеттери:
- Эсептөөчү техниканын, перифериялык түзүлүштөрдүн, программалык камсыздоолордун жана автоматташкан банктык системанын абалына контролдук кылуу үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жана;
- Онлайн-кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Интернет-банкингдердин ишине мониторинг өткөрүү, программалык камсыздоо иши үзгүлтүккө учураган учурларда каталарды оңдоо;
- ИЧД талаптарына ылайык ИТ маалымат системаларын колдоо;
- Иш процессинде келип чыккан бузулууларды жоюу боюнча оперативдүү чараларды кабыл алуу.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат