Сатып алуу секторуна сатып алуулар боюнча адис

Сатып алуу секторуна сатып алуулар боюнча адис

Сатып алуу секторуна сатып алуулар боюнча адис

Аймак:: Бишкек шаары

Жарык көргөн күнү: 10 кулжа 2021

Кызматы:

Сатып алуу секторуна сатып алуулар боюнча адис

Квалификациялык талаптар: 

  • Сатып алуу тармагында кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасынын болуусу милдеттүү
  • Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификатынын болуусуна артыкчылык берилет

 Негизги милдеттери:

  • Банкты материалдык ресурстар, жабдуулар, күйүүчү-майлоочу май, курулуш материалдары, азык-түлүк жана башкалар менен камсыз кылууну уюштуруу;
  • Берүүчүлөрдү издөө, берүүчүлөрдүн сунуштарды изилдөө, сатып алуулар боюнча документацияны даярдоо жана жүргүзүү;
  • Берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Банктын ченемдик документациясынын алкагында тикелей жетекчиси менен берүү шарттарын макулдашуу;
  • Ар айлык/чейректик негизде ТМКлар боюнча билдирмелерди даярдоо;
  • Берүүлөрдүн аткарылышына байкоо жүргүзүп туруу;
  • Берүүчүлөрдүн/Подрядчиктердин Банктын алдындагы милдеттенмелерин аткаруусуна контролдук кылуу;
  • Ар бир сатып алууга каттоо номерин берүү менен сатып алууларды документарды тариздөөнү камсыз кылуу;
  • Берүү таржымалы, берүү мөөнөтү, мөөнөтүн өткөрүп жиберүү, берүүлөргө даттануулар жана кине коюлар тууралуу маалыматты киргизүү менен реестрди жүргүзүү;
  • Бөлүмдүн начальнигинин айрым кызматтык тапшырмаларын аткаруу;
  • Банктын негизги каражаттарын жана арзан баадагы жана тез эскирүүчү буюмдарды инвентаризациялоого катышуу;
  • Отчетторду өз учурунда берип туруу;
  • Банктын чарбалык чыгымдарынын сметаларын мерчемдөөгө катышуу жана түзүү;
  • Банктын чарбалык муктаждыктары үчүн бөлүнүп берилген материалдар менен каражаттардын сарамжалдуу пайдаланылуусуна көзөмөл кылуу;
  • Банктын өздүк жана ижарага алынган имараттарын техникалык тейлөөгө алуу алкагында шаардын коммуналдык кызматтар менен кызматташуу жана өз ара катышуу.
  • Банктын өздүк жана ижарага алынган имараттарында коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдөн (суу менен камсыз кылуу, канализация, суу түтүктөрү, газ менен камсыздоо, жылуулук жана электр менен камсыз кылуу) пайдаланууга келишимдерди түзүү.
  • Берүүчүлөр менен берүү, сапатына шайкеш келүү жана берүү мөөнөттөрү боюнча берүү келишиминин аткарылышына контролдук кылуу.
  • Банктын атынан мамлекеттик сатып алууларга (тендерлерге) катышуу жана коштоп жүрүү.

Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр

*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат

Анкета толтуруу

Бaардык бош орундарды көрүү

close