Сактык кассасынын кассири (Кара-Суу ш.)
Аймак:: Ош облусу
Жарык көргөн күнү: 4 аяк оона 2023
Кызматы:
Сактык кассасынын кассири (Кара-Суу ш.)
Квалификациялык талаптар:
- жогорку экономикалык билими;
- банк тармагындагы кеминде бир жылдык иш стажы;
- акча каражаты менен иш алып барууда кеминде бир жылдык иш стажы;
- адистештирилген курстарды жана семинарларды/тренингдерди өткөндүгүн ырастоочу сетификатынын болуусу (мүмкүн болсо).
- ПКнын тажрыйбалуу колдонуучусу.
Талапкердин билүүсү зарыл:
- КР мыйзамдары, КРУБдун ченемдик-укуктук актылары жана Банктын ИЧДлары;
- эмгекти коргоо эрежелери жана нормалары, коопсуздук жана өрттөн коргоо эрежелери;
- ишкердик байланыштын этикасы, ишкердик байланыштарды түзүү жана сүйлөшүү тартиби.
Негизги милдеттери:
- Сактык банкынын кардарлары үчүн сапаттуу операциялык жана кассалык кызматтарды көрсөтүү;
- Банктын бекитилген тарифтерине ылайык Операциялык-кассалык тейлөө жана банктык операцияларды өткөрүүнүн шарттары боюнча маселелер жөнүндө кардарларга консультация берүү;
- Өткөрүлүүчү акциялар жана атайын шарттар боюнча кардарларга маалымат берүү;
- Кардарларды тейлөөдө кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын сактоо;
- Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн кардарлардан, жеке жактардан алынуучу төлөмдөрдү бюджетке кабыл алуу.
- Карталык операциялык маселелер боюнча кардарларды тейлөө жана консультация берүү;
- Эл аралык акча которуу системалары аркылуу жөнөтүлгөн жана алынган каражаттарды которуу жана берүү;
- Кардарларга – жеке жактарга пенсияларды жана жөлөк пулдарды берүү;
- Кардарлар тууралуу маалыматтарды «кара тизмеден» текшерүү.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат