Филиалдын директору Бишкек ш.
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 25 тогуздун айы 2024
Кызматы:
Филиалынын директору
Талаптар:
- Жогору билими тууралуу дипломунун болуусу;
- Адистиги боюнча кеминде эки жыл, анын ичинде банктык тармакта кеминде үч жыл эмгек тажрыйбасынын болуусу;
- Жетекчилик кызматтарда кеминде эки жылдык тажрыйбасынын болуусу;
- Насыялоо жана операциялык-кассалык тейлөө тармагындагы көндүмүнүн болуусу.
- Компьютердик жабдуулар менен иш алып баруу жигери - MS Office (Word, Exсel, Power Point, Outlook) кесипкөй колдонуучу болуусу.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларын жана Банктын ички ченемдик документтерин билүүсү;
- Эмгекти коргоо эрежелери менен ченемдерин, коопсуздук техникасын жана өрткө каршы коопсуздукту билүүсү;
- Банктын уюштуруу түзүмүн жана Банкты корпоративдик башкаруу тутумун билүүсү;
- Ишкер баарлашуу этикасын, ишкер байланыштарды орнотуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү этикасын билүүсү.
Милдеттери:
- Ага ыйгарылган функцияларды, Банк Башкармалыгынын Төрайымынын куратордукка алган орун басарынын тескемелери жана буйруктарын, Башкармалыктын начальнигинин тапшырмаларын, Банктын коллегиалдуу органдарынын протоколдук тапшырмаларын өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
- Коммерциялык жана банктык сырды сактоо, кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган же маалым болуп калган маалыматтарга карата конфиденциалдуулук ыргагын сактоо жана алардын санкцияланбаган нукта ачыкка чыгып кетүүсүнө жол бербөө;
- Банктын ички эмгек ыргагын, эмгекти коргоо, коопсуздук эрежелерин жана ченемдерин, өндүрүштүк санитария жана өрткө каршы коопсуздукту сактоо;
- Башка түзүмдөрдүн кызматкерлери менен ишкер кызматташтык мамилесинде катышуу,ишкер этикасынын эрежелерин жана Банктын кардарларына, өнөктөштөрү менен кызматкерлерине сый-урмат мамиле кылуу ыргагын сактоо;
- Банктын кардарлары, өнөктөштөрү жана кызматкерлери менен араздашууга жол бербөө;
- Ишинде колдонулган документтердин, бланктардын жана башка материалдардын эсепке алынуусун жана сакталууда туруусун камсыз кылуу;
- өзүнүн кесиптик жигери менен көндүмдөрүн жогорулатуу;
- Банктын ички ченемдик документтерин билүүсү жана сактоосу, анын ичинде Банктын ички ченемдик документтерине ылайык тобокел-көрүнүштөр боюнча Тобокел-менеджменти Башкармалыгына маалыматты өз учурунда берип туруу;
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Банктын ички контролдук боюнча саясатын жүзөгө ашырууга катышуу.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат