Ички аудит башкармалыгынын начальниги
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 3 бирдин айы 2025
Кызмат орду:
Ички аудит башкармалыгынын начальниги
Милдеттери:
- Компаниянын процесстеринде ички контролдук системасынын шайкештигин баалоо;
- бекитилген иш планына ылайык компаниянын ишинин бардык багыттары боюнча аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- тышкы жана ички аудитордук текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле ИАБнүн ишине тиешелүү маселелер боюнча Директорлор Кеңешинин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- Компаниянын натыйжалуу иштеши жана ички контролдук системасын өркүндөтүү боюнча талдоо жүргүзүү, отчетторду жана сунуштарды берүү.
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билими тууралуу дипломдун болушу;
- банк/финансы секторунда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу;
Ички аудит бөлүмүнүн башчысы төмөнкүлөрдү билиши керек:
- Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдары,
- аудиттин эл аралык стандарттарын, банктардагы ички аудиттин эл аралык стандарттарын билүүгө;
- көрсөтүлгөн багыттар боюнча тереңдетилген окуудан өткөндүгү тууралуу сертификаты (күбөлүгү) болушу керек;
- жогоруда аталган багыттар боюнча курстун аяктагандыгын (экзамен/тест тапшыргандыгын) жана квалификациясын жогорулаткандыгын ырастоочу тиешелүү сертификаттар (банктык Окуу борбору, бухгалтерлер жана аудиторлор бирикмеси жана башка окуу борборлору) менен ырасталган финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын билүү жана колдоно билүү;
- мыкты коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу, аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүү, жоопкерчилик, эстүүлүк.
Шарттары:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- Эмгек акы жеке маектешүүдө талкууланат
Резюме hrm@keremetbank.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
* Банк, аңгемелешүүгө ылайык деп тапкан талапкерлерди чакыруу укугун өзүндө калтырат.