Маркетинг бөлүмүнүн начальниги
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 14 бугу 2021
Кызматы:
Маркетинг бөлүмүнүн начальниги
Талаптары:
- Жогорку билими
- Маркетинг тармагында кеминде 4 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
- Интернет-маркетинг ыкмаларын билүүсү
- Өз алдынчалуулугу, ой жүгүртө билүүсү, креативдүүлүгү
- Ишенимдүү керектөөчүнүн деңгээлиндеги кеңселик жана графикалык программаларды билүү, натыйжага басым жасоо, маселени системдүү түрдө чечүү, жоопкерчилик, жогорку иш жөндөмдүүлүгү, бир учурда көп тапшырма аткара билүү көндүмү, коммуникабелдүүлүк, демилгелүүлүк.
Милдеттемелери:
- Бизнес-пландоо жана рекламалык/промо акцияларды уюштуруу;
- Жаңы өндүрүмдөрдүн ишке киргизилишине колдоо көрсөтүү (пландоо, контроль, анализ);
- Полиграфиялык жана сувенирдик өндүрүмдөрдү иштеп чыгуу;
- Кызыктыруучу «жарнама» жана «интернет» каналдарын пайдалануу менен Кызмат көрсөтүүлөрдү/Банктык өндүрүмдөрдү алдыга жылдыруу стратегияларын иштеп чыгуу;
- Маркетингдик изилдөөлөрдү жүзөгө ашырууну уюштурууга катышуу;
- Банктын жалпы стратегиясын иштеп чыгууга катышуу;
- Компаниянын бирдиктүү стилин иштеп чыгуу;
- Банк брендин өнүктүрүү;
- Банктын маркетингдик жана жарнамалык ишмердүүлүгүн пландоо, бюджеттөө;
- Бюджетке ылайык медиапландарды түзүү;
- Концепцияларды иштеп чыгуу жана полиграфия жана башка жарнамалык-маалыматтык материалдардын дизайны.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат