Соодалык каржылоо/документардык операциялар боюнча жетекчи
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 17 бирдин айы 2021
Кызмат орду:
Соодалык каржылоо/документардык операциялар боюнча жетекчи
Талаптары:
- Жогорку экономикалык билими;
- Адистиги боюнча жалпы эмгек тажрыйбасы кеминде төрт жыл;
- Финансы-банктык тутумда иш алып баруу тажрыйбасы кеминде үч жыл;
- Жетекчилик кызматтагы эмгек тажрыйбасы кеминде бир жыл;
- Ишкер кат алышуулар жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмү.
- Мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик актыларын билүүсү;
- Ишкер баарлашуу жана кат алышуу этикасын, ишкер мамилелерди жана жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиптерин билүүсү.
Милдеттери:
- соодалык каржылоо шаймандарын колдонууга кызыкдар потенциалдуу кардарларды тартуу;
- потенциалдуу кардарлардын насыя алмаштыруучуларга жана соодалык каржылоо шаймандарына муктаждыгын аныктоо;
- документардык операцияларга жана соодалык каржылоого байланыштуу жоболорду, жол-жоболорду, келишимдерди, ошондой эле башка жумушчу документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүүгө киргизүү;
- соодалык каржылоо операцияларын кароого алуу жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Банктын филиалдарынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
- соодалык каржылоо шаймандарын берүүгө жана алардын өз убагында жабылышына контролдук;
- соодалык каржылоо жана эл аралык банктык операциялары маселелери боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн банктары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- экспорттук жана импорттук аккредитивдер, кепилдиктер жана башккалар түрүндө эл аралык банктык операцияларды өткөрүү;
- анктын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара катыштыкта аккредитив, кепилдик түрүндөгү кардарлардын соодалык каржылоо боюнча арыздарын кароого алуу;
- корреспондент банктар менен кат алышууларды жүргүзүү, аккредитивдерди жана кепилдиктерди чыгаруу, билдирүүлөр, тейлөөгө алуу менен байланыштуу билдирмелерди даярдоо;
- Банктын бардык филиалдарын жана сактык кассаларын кошо алганда, Банктын кызматкерлери үчүн окутуу семинарларын жана тренингдерди уюштуруу.
Жумуш шарттары:
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу. Иш орду Бишкек шаарындагы башкы кеңсе
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат