Маркетинг бөлүмүнүн адиси
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 14 бугу 2021
Кызматы:
Маркетинг бөлүмүнүн адиси
Квалификациялык талаптар:
- маркетинг чөйрөсүндө кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы (банк тармагындагы ишине артыкчылык берилет);
- жарнама рыногун, жарнаманын оффлайн жана ойлайн каналдарын түшүнө билүүсү, жарнамалык материалдар менен иштөө көндүмдөрү, медиабаинг;
- мыкты деңгээлдеги коммуникативдик көндүмдөрү, демилгелүүлүк, жоопкерчилик, креативдүүлүк, бир учурда көп тапшырма аткара билүү көндүмү;
- Adobe Photoshop/Illustrator/InDesign/Flash программалары менен иштей билүү тажрыйбасына артыкчылык берилет
- маркетингдеги, дизайндагы негизги тренддерди түшүнө билүү.
Кызматтык милдеттемелери:
- жарнамалык кампанияларды иштеп чыгууга жана өткөрүүгө катышуу
- алдыга жылдыруу стратегияларын жүзөгө ашыруунун алкагында Бренддик стандарттардын аткарылышына контролдук кылуу
- Банк кеңселерине жасалгалоого контролдук кылуу
- атаандаштардын анализин даярдоо (промо-активдүүлүктү, визуалдуулукту ж.б.)
- POSM жарнамалык материалдардагы талаптарды пландоону жүзөгө ашыруу, алардын өз учурунда даярдалышын камсыз кылуу, бөлүштүрүү
- кол коюлган келишимдердин аткарылышына контролдук кылуу.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат