Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКнын жетекчилиги жана кызматкерлери КР Финансы министрлигинин сыйлыктарына ээ болушту

5 чын куран 2023

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үзүрлүү эмгеги жана Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы тармагына кошкон салымы үчүн  Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Шапаков Кубанычбек Жеңишбековичти министрликтин Ардак грамотасы, ал эми Ишкерликти колдоо башкармалыгынын начальниги Торогельдиева Мээрим Каныбековнаны жана Программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу жана бизнес-анализ бөлүмүнүн начальниги Суранчиев Азамат Нурмаханбетовичти Алкыш каттары менен сыйлады.

Кесиптештерди татыктуу болгон сыйлыктары менен куттуктайбыз!

close