Жаңылыктар

Банк кызматкерлери үчүн калдыктарды башкаруу боюнча семинар

11 чын куран 2023

Жердин, суунун, ошондой эле абанын коркунучтуу калдыктар жана уулуу заттар менен булганышы  бүгүнкү күндөгү эң чоң экологиялык көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.

  • Калдыктарды башкаруу жаатында натыйжалуу жана жөнөкөй чечимдердин жоктугунан улам өндүрүш жана керектөө продукциясынын калдыктары курчап турган чөйрө менен адам ден соолугуна өтө катуу зыян жаратууда.
  • Эко-технологияларды колдонуу аркылуу жашыл демилгелерди жүзөгө ашыруу жаатындагы тажрыйбага таянуу менен, Банктын аз көмүртектүү жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган Стратегиясына ылайык "Калдыктарды жыйноо жана кайра иштетүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу" аттуу теманын алдында Ысык-Көл облусундагы эки кеңсенин кызматкерлерине семинар өткөрүлдү.  Белгилей кетчү нерсе, ал Банкта «Жашыл кеңсе» принциптерин жана стандарттарын киргизүү боюнча пилоттук программанын чегинде жүзөгө ашырылды.
  • Эксперттик колдоо Банк бир бөлүгү болуп саналган WasteNet.kg иштиктүү тармагынын консультанттары тарабынан көрсөтүлдү.

✔ Биздин оюбузча, ишкерликти жоопкерчилик менен жүргүзүү, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо жана ESG эл аралык принциптерине жана стандарттарына болгон шайкештин турмуштук маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

✔ Биз, мейли бүгүн же келечекте болобу бул багытта аткарып жаткан  ишибизди улантууга даярбыз.

close