Жаңылыктар

Сак болуңуздар: «Керемет Банк» алдамчылык боюнча жаңы учурлар тууралуу эскертет!

12 чын куран 2023

Урматтуу кардарлар!

«Элкарт Мобайл» тиркемеси пайдалануу жолу аркылуу «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталары менен болуп жаткан учурлар байма-бай катталып жаткандыгына байланыштуу сак болууга чакырабыз.

  • Ниети бузук адамдар карта ээлеринин маалыматтарына ээ болуунун жаңы ыкмасын ойлоп табышты.
  • Алдамчылыкты ишке ашыруу үчүн аталган адамдар коомдук жайларда (мисалы, супермаркеттерде) жалган Акцияларды жана ар кыл оюндарды өткөрүшүп, кардарларга Анкета толтуртурууну, ошондой эле өздөрү берген QR коду бар карточкаларды смартфон аркылуу сканерден өткөрүүнү сунушташат.
  • Ошентип, мындай жол аркылуу кардардын телефону зыяндуу программалык камсыздоого  (ПО) туташтырылып, картадагы маалыматтарга жол ачылат.  Мындан соң QR кодду пайдалануу аркылуу кызматтарга төлөм жүргүзүү учурунда алдамчылар картадагы акча каражаттарын толук чыгарып кетишет.

 Эң биринчиден карта ээлерин өтө этият жана сак болууга чакырабыз: электрондук почта, мессенжердеги, чаттагы жана соцтармактагы билдирүүлөр,  аркылуу жөнөтүлгөн ар кандай шилтемелерге жана QR коддорго кирбеңиздер, ошондой эле бейтааныш адамдар тарабынан берилген материалдарды колдонбоңуздар жана өздүк картаңыздагы персоналдык маалыматтарды (карта номуру, жарактуу мөөнөтү, CVV2) эч кимге көрсөтпөңүз.

Жогорудагы ыкма аркылуу кайсы бир Акцияга жана Оюнга катышуу тууралуу шектүү сунуш түшүп калса, дароо баш тартып койгонуңуз туура.

Бардык суроолор боюнча «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү контакт-борборуна кайрылыңыз. Телефондору: (0 312) 55 44 44, WhatsApp - (0 557) 55 44 44.

close