Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК командасынын Jaz Demi – 2023 жарышка катышуусу

24 чын куран 2023

«Керемет Банк»  ААК командасы 23-апрелде массалык спортту өнүктүрүү максатында жыл сайын өтүүчү Jaz Demi - 2023 салттуу жарым марафонго катышып, 5, 10, 21.1 км аралыкты багындырды.

Бишкек шаарынын  «Аска-Таш» мемориалдык комплексинен старт алып, аэропортко каттоочу трасса аркылуу болуп өткөн бул жарышка бардыгы болуп 3500 жөө күлүк катышкан.

«Керемет Банктын» жөө күлүктөрүнөн турган команда машыгуу жана спорттук мелдештерге катышуу  үчүн берген мүмкүнкүнчүлүк үчүн Банк жетекчилигине ыраазычылык билдирет.

Сергек жашоо образы – бул «Керемет Банк» ААК тандоосу!


close