Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК банкоматтардагы акчанын жетишсиздигине байланыштуу кабарлайт

3 бугу 2023

 «Керемет Банк» ААК банкоматтардагы акча каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу кырдаал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет. Банктын негизги акционери Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы болуп саналат жана ушуга байланыштуу Банк көптөгөн мамлекеттик программаларга, анын ичинде бюджеттик уюмдарды жана эмгек акы долбоорлору боюнча мамлекеттик менчикте турган уюмдарды тейлөөгө катышат. Тейлөөчү уюмдардын санынын олуттуу өсүшүн, эмгек акынын жана социалдык төлөмдөрдүн өсүшүн эске алуу менен банкоматтардан алынган накталай акчанын көлөмү ошого жараша көбөйдү. Мындан тышкары, ар бир айдын аягында бюджеттик мекемелердин эмгек акысын массалык түрдө бир эле убакта которүү болуп жатат, бул банкоматтарды тейлөөдө, анын ичинде накталай акчаларды жүктөөдө анча-мынча үзгүлтүктөргө алып келет. Банк өз ишинде кардарга багытталган саясатты карманып, өз кардарларына максималдуу ыңгайлуулукту түзүүгө жана пайда болгон көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө умтулат. Учурда банкоматтардын жана Банктын башка терминалдык түзүлүштөрүнүн бардык тармагы штаттык режимде иштеп жатат жана кардарлар каалаган убакта биздин өлкөнүн соода жана тейлөө ишканаларында накталай акча ала алышат же банктык которуу жолу менен товарларды жана кызматтарды төлөй алышат.

close