КЫРГЫЗ СОМУНА 30 ЖЫЛ!
Бүгүн “Керемет Банк” ААК улуттук валютанын 30 жылдыгын белгилөөдө!
1993-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валюта – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизген.
Улуттук валютаны суверенитеттин, биримдиктин жана көз карандысыздыктын символу катары кароого болот.
Улуттук валютабызга 30 жыл – бул биздин улуу жетишкендигибиз болгондуктан биз аны кубануу жана өзгөчө сыймыктануу менен белгилөөгө тийишпиз!
Өлкөбүздүн бардык жарандарын Кыргыз сомунун 30 жылдыгы менен куттуктайбыз!
Улуттук валютанын тарых-таржымалы жөнүндө видеоматериалды сиздердин назараңыздарга сунуштайбыз.