Жаңылыктар

Банк кызматкеринин күнү менен!

10 бугу 2023

Урматтуу кесиптештер, Сиздерди Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңдар менен куттуктайбыз!

Ушул күнү биз сиздердин өлкөбүздүн экономикалык турмушунда ойногон маанилүү рольду гана эмес, улуттук валютабыз – кыргыз сомунун 30 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Бүгүн «Керемет Банк» ААКнын бир катар кызматкерлери «Банк кызматкерлеринин күнүнүн» урматына  «Кыргызстан Банктар союзу» ЮЖК тарабынан ыраазычылык каттарга, ардак грамоталарга жана «Кыргызстан Банктар Союзунун отличниги» деген төш белги менен сыйланышты.

Биз көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана банк тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бардык кесиптештерибизге терең ыраазычылык билдирип, өз ишмердүүлүк жолдорунда албан-албан ийгиликтерди жарата берүүлөрүнө тилектеш экендигибизди билдиребиз!

close