Жаңылыктар

«Керемет Банк» Эл аралык Silk Road – 2023 марафонго катышты

16 бугу 2023

Ишемби, тагыраак айтканда 13-май күнү «Керемет Банк» ААК Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Эл аралык Silk Road – 2023 марафонго катышып келди.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпияда комитетинин колдоосу алдында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар  саясаты министрлиги, Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафон дирекциясы» «Керемет Банк» ачык акционердик коому (мындан ары - Банк) тарабынан Кыргызстандын жаштары арасында спортту өнүктүрүү жана ага колдоо көрсөтүү, ошондой эле активдүү жашоо образын жайылтуу максатында  уюштурулган.

Иш-чарага Банктын 14 кызматкери катышкан. Марафонго Казакстан, Беларуссия, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран өңдүү дүйнөнүн 20 өлкөсү катышып,  катышуучуларынын жалпы саны 3 миң адамга жеткен.

Жөө күлүктөрдүн бул жарышы Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромго таандык аянтта старт алган. Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркашкан:

  • марафон — 42 километр 195 метр;
  • жарым марафон — 21 километр 97 метр;
  • 10 километр аралыкка чуркоо;
  • 10 километр аралыкка чуркоо;
  • 10 километр жана 3 километр аралыкка скандинавиялык жөө басык.

Марафондун жыйынтыгы боюнча марафон катышуучулары төш белгилер жана ар кыл  белек-бечкектер менен сыйланган.

«Керемет Банктын» жетекчилиги республиканын жаштары арасында спорттук духтун өнүгүүсүнө жана активдүү жашоо образынын жайылышына өбөлгө болуучу   бул өңдүү чоң иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирет! 

close