Жаңылыктар

Спорт - Ден соолук башаты!

16 бугу 2023

14-майда Бишкекте улуттук валюта – кыргыз сомунун 30 жылдыгына байланыштуу жөө күлүктөрдүн спорттук жарышы болуп өттү. Аталган иш-чара  активдүү жашоо образын жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулуп, ага өлкөбүзүн банктары жана микрокредиттик компаниялары катышкан.

Жөө күлүктөрдүн бул жарышына «Керемет Банктын» эң активдүү жана спортко кайдыгер эмес кызматкерлери катышкан. Адам ресурстары башкармалыгынын начальниги Асанакунова Жыпара Ашымовна 2-орунду ээлелегендигин белгилеп, кесиптешибизди мындай мыкты жыйынтык көрсөтө алгандыгы үчүн чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз. Ошондой эле, аталган иш-чарага катышкан бардык Банк кызматкерлерин кызуу куттуктайбыз жана келечекте дагы далай албан ийгиликтерди жарата берүүлөрүнө тилектешпиз.

Иш-чараны уюштуруп, каржылык сектордук кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүшкөнү үчүн КР Улуттук Банкына жана Бишкек шаарынын мэриясына «Керемет Банк» ААК жетекчилигинин атынан өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

close